Последние новости

News from all over the world
Курман айт куттуу болсун!

Курман айт куттуу болсун!

Август 21, 2018

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Курман айт мусулмандардын негизги майрамдарынын бири болуп саналат жана жакшы ниет, ак тилек менен коштолуп келет.

Элибизди ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана сабырдуулукка үндөйт. Келечекке терең ишеним арттырат.

Ушул күнү бүткүл момун мусулмандар курмандык чалып, Аллахтан ден-соолук, узун өмүр, бейпил турмуш тилешет. Соопчулук иштерди жасап, дилин тазартышат. Дасторкон жайып, көзү өткөн ата-бабаларын, жакындарын эскеришет.

Ыйык майрам күнүндө ылайым Кудайыбыз мекендештерибиздин ак тилектерин кабыл кылсын!

Жергебизге тынчтык жана бейпилчилик берип, элибиздин ынтымагын жана биримдигин бекемдесин!

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай каалайм !

Дорогие соотечественники!

Поздравляю Вас со священным праздником Курман айт!

Курман айт является одним из самых главных праздников мусульман, утверждающие вечные человеческие ценности: мир, единство, милосердие и взаимопомощь. В нашей стране празднование Курман айт занимает значимое место в развитии культурных и духовных ценностей, укреплений мира и согласия в обществе.

Куман айт, как и другие религиозные праздники народов, стал важным событием в духовной жизни карабалтинцев, укреплений морально-нравственных устоев, сплоченности общества.

Светлый праздник Курман айт символизирует торжество добра, великодушие, сострадание и заботу о ближних.

Пусть всевышний примет все пожелания и пошлёт благодать!

Пусть в нашей стране всегда царят мир, единство и согласие!

Желаю всем крепкого здоровья , успехов и благополучия!

С  уважением, мэр города Кара-Балта Данияр Шабданов.