Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук Кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаевдын сунуштары.
         COVID-19 инфекциясы менен ооруп жаткан учурда адамдын жүрөгүнүн жабыркашына шек саноого төмөндөгү белгилерге көңүл буруу керек, жана тез жардамды чакырып, тезинен медициналык жардам талап кылат:
📌 Оору (жүрөктүн аймагындагы, кокуроктүн оң жарымындагы басуучу, күйүп тургандай мүнөздөгү, кээде сол тарапка өтүп кетүүчү, көбүнчө дем алуу менен айкалышкан ыңгайсыздык;
📌 жагымсыз сезимдер менен коштолгон жүрөктүн ишиндеги үзгүлтүктөрдүн пайда болушу;
📌 эс-учун жоготкончо күтүүсүз алсыздык;
📌 Жүрөктүн тез согушу, жүрөктүн кагышы (ЖТС) мүнөтүнө 120дан ашык согуусу.
❗️Андыктан, дене температурасынын 1 градуска көтөрүлүшү жүрөктүн кагышынын мүнөтүнө 10 соккунун көбөйүшүнө алып келерин унутпаш керек.
          ❓Жогорудагы белгилер учурунда тез арада эмне кылуу керек:
✅ шашылыш түрдө дарыгерге кайрылып, тез жардам кызматын (кардиологиялык бригада) чакырыңыз же жакынкы медициналык мекемеге өзүңүз кайрылыңыз;
✅ыңгайлуу жарым абалда отуруу таза аба менен камсыз кылуу;
✅ температура болсо, парацетамол ичип, кан басымын өлчөө;
✅ нитроглицерин, валокардин ичүү.
   ❗️Жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО) менен ооруган бейтаптар, COVID-19 оорусу менен ооруган учурда, дарыланып жаткан дарыгердин бардык сунуштарын аткарып, ага жазылган дары-дармектерди ичүүсү зарыл.
   ❗️ Гипертония менен ооруган адам кан басымын (110/70 мм рт.ст. төмөн) төмөндөтүүдөн алыс болушу керек.
   ‼ ️ Мындан тышкары, ЖКТО менен ооруган адам санитардык-гигиеналык чараларды так аткарып, эл көп чогулган жерлерден алыс болушу керек. 
          Рекомендации директора Национального центра кардиологии и терапии имени академика М.Миррахимова Сарыбаева Акбая Шогаиповича.
        На какие симптомы необходимо обратить внимание, позволяющие заподозрить поражение сердца при COVID-19, которые требуют незамедлительного обращения к врачу, вызову скорой медицинской помощи:
📌 Боль (дискомфорт в области сердца, правой половине грудной клетки давящего, жгучего характера, иногда отдающая в левую руку, часто с сочетающаяся одышкой;
📌 Появление перебоев в работе сердца, сопровождающаяся неприятными ощущениями;
📌 Внезапная слабость вплоть до потери сознания;
📌 Учащенное сердцебиение, частота сердечных сокращений (ЧСС) более 120 ударов в минуту
❗️Однако нужно помнить о том, что повышение температуры тела на 1 градус приводит к возрастанию ЧСС на 10 ударов в минуту.
       ❓Что необходимо делать экстренно при вышеуказанных симптомах:
✅ срочно обратиться к врачу, вызвать скорую помощь (кардиобригаду), либо самому обратиться в ближайшую мед.организацию;
✅ принять удобное полусидячее положение, обеспечить доступ свежего воздуха;
✅ если есть температура принять парацетамол, измерить АД;
✅ принять нитроглицерин, валокардин.
    ❗️Пациентам страдающим сердечно-сосудистыми заболеваниями (ССЗ), при заболевании COVID-19, необходимо продолжать соблюдать все рекомендации лечащего врача и принимать назначенные ему лекарства.
   ❗️Пациент с гипертонией должен избегать избыточного снижения АД (ниже 110/70 мм рт.ст.).
   ‼️Кроме того, пациенту с ССЗ необходимо еще строже соблюдать все санитарно-гигиенические меры, избегать мест массового скопления людей.
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб

Подробнее о коронавирусе (COVID-19) можно узнать на сайте  http://www.med.kg/ru/#