Последние новости

News from all over the world
Данияр Шабданов: «Чыныгы атуулдардын сыймыктуу майрамы кут болсун»

Данияр Шабданов: «Чыныгы атуулдардын сыймыктуу майрамы кут болсун»

Февраль 23, 2019

 * * * * * * * * * *
Урматтуу мекендештер, согуштун жана эмгектин ардагерлери!
Сиздерди Ата-Мекенди коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!
23-февраль — Мекен коргоочуларынын күнүн белгилөө биздин өлкөдө өзгөчө мааниге ээ. Бул майрам пагон тагынган, мекендин сакчылары жана коргоочуларынын майрамы гана болуп эсептелбестен, “Мекен”, “Ыйык милдет”, “Ата Журт” деген сөзгө кайдыгер мамиледе болбогон жарандардын, ар бир атуулдун майрамы да болуп саналат.
Кылымдарды карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында Мекенди коргоо үчүн аскерлер менен бирге карапайым мекендештерибиз дагы тикесинен тик тургандыгын даңазалоочу майрам. Өз өмүрүн аябай элибизди, жерибизди душмандардан коргоп, мамлекеттүүлүгүн сактап калышкан элибиз менен кийинки муундардын ортосундагы байланышты камтыгандыгын жар салуучу салтанаттуу күн.
Бүткүл ардагерлерге, мекен сакчыларга жана Кара-Балта шаарынын тургундарына чың ден-соолук, ишенимдүүлүк, туруктуулук, бакубат жашоо каалайм
Чыныгы атуулдардын сыймыктуу майрамы кут болсун!

Сиздерди урматтоом менен,

Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов

* * * * * * * * * * * * * 

Уважаемые ветераны войны и труда, дорогие соотечественники!
Поздравляю Вас с Днем защитников Отечества – праздником, который чтит мужество, воинскую доблесть, славные боевые традиции и ратный подвиг нашего народа!

23-февраля наша страна отмечает День защитников Отечества – один из главных праздников нашей страны. Это праздник не только тех, кто носил или носит погоны, но и всех, кому небезразличны слова: «Отечество», «Родина», «долг». Этот праздник олицетворяет собой героическую летопись Вооруженных Сил, неразрывную связь поколений, преемственность традиций самоотверженного служения Отечеству.
И сегодня, в этот особенный день, мы чествуем наши доблестные Вооруженные Силы и всех тех, кто служил и служит в них. То есть всех тех, кто защищает безопасность государства, общества и каждого гражданина нашей страны, всех тех, кто предан своей Родине. Так как именно они, являются оплотом стабильности и спокойствия нашего государства. 
Поздравляю Вас с праздником – Днем защитников Отечества! Всем военнослужащим и ветеранам , всем жителям города Кара-Балта желаю крепкого здоровья,  мира и благополучия, оптимизма и уверенности в завтрашнем дне!

С уважением, 
Мэр города Кара-Балта Данияр Шабданов