Последние новости

News from all over the world
Данияр Шабданов: Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!

Данияр Шабданов: Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!

Март 21, 2019

Урматтуу мекендештер!

   Сиздерди — Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаз – бул  биз көптөн күткөн жылдын жадыраган мезгили. Кыш мезгили бүткөн соң,   жаратылыш, баардык өсүмдүктөр жаңырып чыга баштаган кез. Байыртан эле Чыгыш элдеринде Нооруз маалында согуш токтогон, араздашкан жарашкан, жакшы санаалаштар бири-бирине агынан жарылып, бейтааныштар бири-бирине жакшы тилек каалаган.

Нооруз – миңдеген жылдар карыткан, далай заман арыткан санжыралуу тарых таржымалы бар, эзелтеден каада-салт катары калыптанып калган майрам.  Биз баарылап бирге кыргыз мамлекетинин бактылуу келечегин түптөп жатабыз. Ошондуктан, “Улуу Нооруз – илгери үмүт, жакшы тилек, жаркын маанай майрамы”  десек эч жаңылбайбыз.

 Жаңыдан күндарегин ача баштаган жылда жалаң жакшылык жылоолоп, ар бириңиздердин алдыга койгон ой-максаттарыңар ишке ашсын. Кыргыз калкы баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, келечекте телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин улуу көчүнө кошула тургандыгына ишенем.

Кудайыбыздын ушул улуу күнүндө бири-бирибизге кечиримдүү бололу, сабырдуу бололу, кайдыгерлик, көралбастык, ичитардык, шалаакылык, жалкоолук сындуу жаман өнөкөттөрдөн биротоло арылалы. Кудай бизди ишенимден айрыбасын.

 Ардактуу мекендештер! Күн менен түн теңелип турган Нооруз майрамында баарыңыздарга бактылуу турмуш, бакубат жашоо, чың ден — соолук каалаймын.

Майрамыздар менен!

Дорогие соотечественники!

  Поздравляю Вас всех с древним народным праздником Нооруз!

 Весна – это  чарующее и долгожданное время года, когда после зимы все начинает расцветать и обновляться. Все происходящее вокруг удивляет человека, наполняет его сердце благородными чувствами и помыслами. Оттого, Нооруз считается одним из любимых и ожидаемых праздников. С ним люди связывали свои надежды на благополучие, веру в будущее, любовь к родной земле. Весенний день год кормит, гласит народная мудрость. Поэтому в эти дни, на протяжении сотен лет, крестьяне вспахивали поля и сеяли зерно, закладывая основу богатого урожая, изобилия и достатка.

 История празднования Нооруза говорит о том, что в этот весенний день равноденствия, люди должны были забывать о своих заботах, прощать других, прекращать распри и раздоры, с открытым сердцем и добрыми словами делать шаги к миру и сотрудничеству. 

 Нооруз – это предвестник нового года, зовущий всех к новым делам и надеждам, к чистым помыслам. Это праздник обновления природы и всего живого. Наши предки особо чествовали этот день, выражали самые лучшие пожелания друг другу, знаки уважения, признательности, любви. Забывались, прощались обиды. С хорошими мечтами сообща варили сүмөлөк. Просили благоденствия, мира, согласия, изобилия людям. Сажали деревья, наводили вокруг чистоту и порядок. Это лучшие традиции Нооруза. Радует, что ныне наши люди достойно продолжают и развивают их.

 Уважаемы друзья! Пусть Нооруз принесет в ваши семьи добро, благополучие! Пусть светлыми будут ваши судьбы, а жизнь ваша – долгой и плодотворной!  Пусть этот святой праздник принесет сплоченность и безмерную дружбу, единство и согласие нашему народу и новых высот в развитии нашего государства.

 Пусть вступающая в свои права весна будет отражаться не только в природных явлениях, но и в наших душах и в наших сердцах!  

 С уважением,

Мэр города Кара-Балта  Данияр Шабданов