Кара-Балта шаардык мэриясы бюджеттик маалыматтын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана калктын бюджетти талкуулоого жана түзүүгө катышуу максатында 2024-жылга бюджеттин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө деп билдирет.

Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча коомдук угуулар 2023-жылдын 8-августунда саат 10-00 мэриясынын имаратынын 2-кабатында конференц-залда өтөт. Дареги: Т.Кожомбердиев көч., 14

Катышуучуларды каттоо: саат  9-30.

Бардык каалоочулар чакырылат.

Коомдук угууларында:

  • Бюджет тууралу маалымат аласыз;
  • ЖӨБ органдары чечиши керек болгон артыкчылыктуу көйгөйлөр тууралу пикириңизди айта аласыз;
  • Сунуштарды жана эскертүүлөрдү бере аласыз;
  • Кызыктырган суроолорду берүү.

Материалдар менен төмөнкү дарек бооюнча  таанышсаӊыздар болот: Кара-Балта шаары Т. Кожобердиев  көчөсү 14 мааламатык стендтен, социалдык барачаларынан таанышсаӊыз болот. Ошондой эле,  №1 Таблица прогноз 2024-2026  https://gb.minfin.kg/view.php?lang=ru, ссылкалар  аркылуу.