Последние новости

News from all over the world
Жарандык коргонуу боюнча райондук окуу үйрөтүмү жүргүзүлдү

Жарандык коргонуу боюнча райондук окуу үйрөтүмү жүргүзүлдү

Май 18, 2018 0 комм.

«Тынчтык мезгилинде өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон учурда мектеп жетекчилигинин, окууулар түзүмүнүн, тех.кызматчылардын иш аракети» . Жарандык коргонуунун максаты: Мугалимдер жана окуучулардын өзгөчө кырдаал учурунда иш-аракеттерге даярдоо; Окуучулардын билимин бышыктоо; Окуучулардан түзүлгөн өздүк курамды жана жалпы окучуларды турмушка колдоно билүүсүнө машыктыруу.

Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы жарандык коргонуунун штабынын жетекчиси Айбек Сатыбалдиев 12-мектептин окуучу балдарына лекция түрүндө коргоо боюнча айтып жана балдар менен бирге эвакуациялоону жүргүздү.

Жарандык коргонуунун иш мерчеминде жер титирөөдө кандай өзүн алып баруу керектиги үйрөтүлдү, ошол учурда өзүн-өзү жоготпоосу. мындан сырткары жаратылыш өртү, табият кырсыктар, зыяндуу жана терс адаттар, терроризмге каршы күрөшү боюнча кыскача маалыматтар балдарга таркатылды. Эң негизгиси, ар бир кишинин аң сезиминде табиятка караган көз карашы болушу керек жана оздүк коосуздукту сактоо эрежелерин билүүгө умтулушу керек.

16-сентябрь — Жерди озондук катмарын сактоонун эл аралык күнү
20-сентярь — Токой күнү
27-сентябрь — Деңиз күнү
5-июнь — Айлана чөйрөнү коргоо күнү
17-июнь — Чөл болуп кетүү жана кургакчылык менен күрөшү күнү.

Урматтуу окурмандар! ушул күндөрдү унутпай жергебизди, табиятыбызды сактоо аракетин чогу көрөлү.

Комментариев пока нет

Перейти к разговору

Еще нет комментариев.

Вы можете начать разговор.

Только зарегистрированные пользователи могут комментировать.