Мал-чарбасы өнүгүп, эл керектөөчү малдан алынган эт, сүт ж.б азыктарга болгон суроо-талаптар дагы көбөйүүдө. Ошондуктан, азык-түлүк коопсуздугун эске алып, «мал туулгандан союлганга чейин» жана союлгандан кийин кардарларга жеткенге чейинки көзөмөл абдан маанилүү.
Учурда, жаныбарларды идентификациялап көзөмөлдөө системасы (ЖИКС, СИОЖ) менен, КР «Жаныбарларды жана алардан азыктарды идентификациялоо» жөнүндөгү Мыйзамына ылайык, мал ээлери идентификациядан өткөн малдарды (бирка, чип) гана пайдаланышы керек.
ЖИКС аркылуу ишти алып баруу жеке эле ветеринардык адистерге эле тиешелүү эмес, бул жерде мал ээлери дагы Мыйзамдарды сактап, малдын кыймылын жергиликтүү жеке ветадистер аркылуу жүргүзүшү керек. (КР «Ветеринария жөнүндогү» Мыйзамдын 8-беренеси).
Жаныбарларга жана адамдарга бирдей жуга турган оорулардын алдын алуу жана диагностикалык иш-чараларга өзгөчө көңүл буруу зарыл; ар кандай жугуштуу ооруларга убагында эмдөө иштери атайын бекитилген жеке ветадистер аркылуу аткарылат.
Мал ээлерине, мал алып сатуучуларга биркасы жок малдарды алып сатууга, ташууга жана союуга тыюу салынат. Бул багытта ЖРВФКБ , МАИ менен биргеликте рейд өткөрүшүп, коштомо ветеринардык документи жок жана бирка, чип тагылбаган уй-жылкыларды ташыган айдоочуларга жана мал ээлерине бир нече ирет эскертүү берилип, массалык маалыматтары аркылуу түшүндүрүү, эскертүү иштери ЖРВФКБ ( Жайыл райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы) тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдардын талаптарын аткарбаган ишкерлерге, айдоочуларга, мал ээлерине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык административдик чаралар көрүлөт!